Кулжа 06, 2025
Убакыт: 22:34
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Кыргызстан Беларуска картошка экспорттой баштайт

Кыргызстан Беларуска картошка экспорттой баштайт


Кыргызстан Беларуска картошка жеткире баштайт. Тиешелүү келишимге Минск шаарында өткөн бизнес-форумда кол коюлду. 


Экспортко сабиз, капуста, алма, цитрус жемиштерин жана башка жашылчаларды да жөнөтүү каралган. 


Мындан тышкары, асыл тукум мал чарбасы жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлганы айтылды. Анда технологиялар менен алмашуу, асыл тукум программаларын биргелешип иштеп чыгуу жана малдын тукумунун сапатын жакшыртуу каралган. 


Айыл чарба министрлиги бул макулдашуулар сооданы кеңейтип, айыл чарба тармагын өнүктүрүп, эки тараптуу байланыштарды чыңдай турганын белгиледи. 


Эске салсак, Кыргызстан менен Беларусь ЕАЭБге мүчө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн