Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан “Тынчтыкты сүйүүнүн глобалдык индексинде" 93-орунду ээледи

10.06.2020 14:54
1019
Кыргызстан “Тынчтыкты сүйүүнүн глобалдык индексинде" 93-орунду ээледи


Акыркы он жылдыкта тынчтыкты сүйүүнүн глобалдык көрсөткүчтөру төмөндөп жатат деп айтылат Экономика жана тынчтык институту (The Institute for Economics and Peace) жарыялаган быйылкы жыл эсебиндеги изилдөөлөрдүн жыйынтыгында. Аналитиктер бул ирет планета калкынын 97%ы жашаган 163 өлкөнүн учурдагы жагдайына анализ жүргүзүшкөн. Быйылкы рейтингде Казакстан – 70, Кыргызстан – 93, Өзбекстан – 103, Тажикстан – 107 жана Түркмөнстан 116-орунга жайгашты. Акыркы 163-орунду Афганистан ээледи.


Тынчтыкты сүйүү индексин (GPI) аныктоодо коомдун ынтымагы, адам укуктарынын сакталышы, саясий жана экономикалык туруктуулук, террористтик коркунучтардын деңгээли сыяктуу факторлор изилдөөгө алынат.


GPI индекси пайда болгондон тарта дүйнөнүн тынчтыкты сүйгөн аймагы катары Европа таанылып келет. 2008-жылдан бери биринчилик Исландиянын энчисинде, ал эми рейтингдин алдыңкы бешилтигинде Жаңы Зеландия, Австрия, Португалия жана Дания бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн