Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Казакстан чек арадагы тыгынга күнөөлүү экенин мойнуна алды

06.06.2020 19:44
1256
Казакстан чек арадагы тыгынга күнөөлүү экенин мойнуна алды

Кыргызстандык жак казак тарапты чек арадагы тоскоолдуктарды токтууга чакырат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, “Актилек- автожол” көзөмөл-өткөрмө жайында (Кыргызстан тарабынан) Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин текшерүү иш-чараларынын күчөтүлгөнүнөн улам 8 чакырым тыгынга алып келген 500дөн ашык жүк ташуучу унаалардын кезеги түзүлгөн.

 

Айдоочулардын маалыматы боюнча чек арада Казакстанга кирүүдө токтоп туруу убактысы 3-4 сутка болгон. 3-июнда “Актилек- автожол” жана “Карасу” (Казакстан тарабынан) көзөмөл-өткөрмө жайларында кыргыз жана казак тараптын делегацияларынын өкүлдөрүнүн көчмө жыйыны өткөн.


Бул кеңешменин жүрүшүндө тараптар “Актилек- автожол” жана “Карасу” көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактысын бир унаа каражатынын мисалында аныкташкан, ошондой эле үч саат ичинде өткөрмө жайлар аркылуу өткөн унаа каражаттарынын саны эсептелген. Эки өлкө тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн хронометражында бир топ айырма бар.


Хронометраж көрсөткөндөй, Актилек- автожол көзөмөл-өткөрмө жайынан жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактысынын узактыгына жана аларды кечиктирүүгө тийиштүү казак тараптын бардык айыптоолору негизсиз.


Жүргүзүлгөн хронометраждын жыйынтыктарына ылайык Карасу көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жүк унаалардын өтүүсү кыргыз тарапка салыштырмалуу кыйла узак болуп чыкты. Ошентип, кыргыз тарап аркылуу унаа каражаттарын өткөрүү казак жакка караганда тез ишке ашырылууда. Хронометраж боюнча 3 сааттын ичинде Казакстандан Кыргызстанга 61 унаа каражаты чыкса, Кыргызстандан Казакстанга 21 унаа кирген. 


Белгилей кетчү нерсе, кеңешме учурунда казак тарап унаалардын топтолушуна казакстандык жак күнөөлүү экендигин мойнуна алды жана өлкөнүн борбордук бийлигине болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу маалымдоого ишендиришкен.


Хронометраждын жыйынтыктары казак тараптын буга чейин жетишилген макулдашууларды жана ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун жоболорун бузууларын күбөлөндүрүп турары айтылат.


Ошону менен бирге кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы 2020-жылдын 24-январынан бери жабык экендигин билдиребиз. Ошентип казак тараптын Кытайдан товарлардын көмүскө реэкспортуна тийиштүү кооптонуусу ашыкча экенин кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн