Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөй баштады

16.03.2021 09:57
540
Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөй баштады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457,8 миллион сом карызынан кутулду. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.


Төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 049,4 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408,4 миллион сому ички карызды жабууга жумшалган

Ошондой эле министрлик 31-январга карата мамлекеттик карыздын (тышкы-ички) суммасы 4 миллиард 954,11 миллион долларга (420 миллиард 108,67 миллион сом) жеткенин маалымдады.

Анын ичинен 85,2 пайызы же 4 миллиард 221,61 миллион доллары (357 миллиард 992,44 миллион сом) тышкы карыз. Ал эми 14,8 пайызы же 732,5 миллион доллары (62 миллиард 116,23 миллион сом) ички карыз.

Мындан сырткары, өлкө бюджетине январь-февраль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520,03 миллион сом түшкөнү белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн