Кулжа 18, 2025
Убакыт: 17:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Кыргызстан менен АКШ визалык чектөөлөр боюнча маселени талкуулады

18.06.2025 12:36
22
Кыргызстан менен АКШ визалык чектөөлөр боюнча маселени талкуулады


16-июнда Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолукту.


Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Өзгөчө көңүл Кыргызстандын жарандарын визалык чектөөлөр киргизиле турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү мүмкүндүгү тууралуу маселеге бурулду.


Өз кезегинде элчи Айбек Молдогазиев бул маселени мындан ары кароодо тең салмактуу мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар бул багытта кызматташууну улантууну макулдашты.


Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн