Кулжа 20, 2025
Убакыт: 18:16
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.100
1.130

Кыргызстан менен Беларусиянын аймактар аралык байланыштары тереңдейт

20.06.2025 13:26
27
Кыргызстан менен Беларусиянын аймактар аралык байланыштары тереңдейт


Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси Эрбол Султанов Беларусиянын улуттук жыйынынын республика кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу элчи өзү маалымдады.


Маалыматта белгиленгендей, жолугушууда кыргыз-беларус эки тараптуу кызматташуусу бардык багыттарда, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдешкендигин канаттануу менен белгиленди.


Элдик дипломатиянын маанилүү элементи катары парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү айтылып, бул өңүттө Кыргызстан менен Беларустун аймактар форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунушталды.


Өз кезегинде Беларусь парламентинин төрайымы республика кеңеши аймактык өкүлчүлүктүү орган экенин белгилеп, аймактар аралык байланыштарды кеңейтүү сунушун колдоого алды.


Мындан сырткары, жолугушуу жүрүшүндө айыл чарба жана өнөр жай тармагында биргелешкен кооперация долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн