Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан менен Кореянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

27.09.2020 10:18
468
Кыргызстан менен Кореянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан менен Кореянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Кан Гён Хва 26-сентябрда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты.

Ошондой эле эл аралык күн тартибинин, анын ичинде «Борбордук Азия + Корея Республикасы» диалог аянтчанын алкагында ДСУ, БУУ жана башка маселелер боюнча сөз болду.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен эки өлкөнүн жарандары өз ара каттоолорун жаңылоо боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн