Кулжа 23, 2025
Убакыт: 13:52
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Кыргызстан менен Нигериянын ортосунда саясий диалог түзүү маселеси талкууланды

23.06.2025 10:43
16
Кыргызстан менен Нигериянын ортосунда саясий диалог түзүү маселеси талкууланды


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нигерия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин туруктуу катчысы Дунома Ахмед Умар менен жолукту.


Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу 21-июнда Стамбул шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясынын алкагында өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду түзүү, бекемдөө, соода-экономикалык, гуманитардык байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле БУУ жана ИКУ эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.


Тараптар эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыктарын ырастап, бардык багыттар боюнча активдүү өз ара аракеттенүүгө жана туруктуу байланыштарды сактоого даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн