Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери эки келишимге кол коюшту

27.04.2024 13:05
464
Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери эки келишимге кол коюшту


Кыргызстан менен Россиянын коргоо ведомстволорунун башчылары Бактыбек Бекболотов менен Сергей Шойгу эки келишимге кол коюшту.

Алардын жолугушуусу Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин ишине катышуунун алкагында өттү.

Ошентип, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда төмөндөгүдөй эки келишимге кол коюлду:

1. Маалыматтык алмашуу жөнүндө;
2. Радиациялык, химиялык жана биологиялык абалды аныктоо жана баа берүү жаатында өз ара аракеттер жөнүндө.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Бактыбек Бекболотов менен Сергей Шойгу аскердик чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, андан тышкары мындан аркы кызматташтыктын келечегин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн