Кулжа 16, 2024
Убакыт: 10:06
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын соода байланышын арттыруу маселеси талкууланды

23.05.2024 10:09
619
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын соода байланышын арттыруу маселеси талкууланды


Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы соода башкы башкармалыгынын жетекчиси Мухаммад бин Абдулазиз Аль-Абдуль Аль-Жаббар менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Сауд Аравиянын соода байланышын арттыруу маселеси талкууланды.

Жолугушуу элчиликтин демилгеси менен өтүп, Кыргызстандын ата мекендик товарларын Сауд Аравияга таанытуу жана эки өлкөнүн соода байланышын көбөйтүү максатында уюштурулду.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда элчи Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы алака жакшы нукта өнүгүп жатканын, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда байланыш түзүүдө Кыргыз-Сауд ишкердик кеңешинин орду чоң экенин белгилеп, соода тармагында кызматташууну кантип арттырууга болору тууралуу кеп кылды.

Мухаммад бин Абдулазиз Аль-Абдуль Аль-Жаббар САП Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирип, экспорт маселеси боюнча жана Кыргыз-Сауд ишкердик кеңешинин ишин активдештирүүгө көмөк көрсөтөрүн ишендирди.

Тараптар эки өлкөнүн байланышын бекемдөө боюнча биргелешкен иш планын даярдоону макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн