Аяк оона 04, 2025
Убакыт: 17:52
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.072
1.100

Кыргызстанда акиташты ЕАЭБдин аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда акиташты ЕАЭБдин аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды


Министрлер кабинети иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташ ракушечникти Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. 


Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 


Документке ылайык, Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 коддору менен классификациялануучу) Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга бул токтом күчүнө киргенден тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди. 


Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кабыл алынган чечимдин алкагында өзгөчө Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы – убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө тиешелүү иштерди алып барат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн