Бугу 04, 2025
Убакыт: 10:06
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду

05.05.2020 10:07
1174
Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду

 

Өлкөдө коронавирустан дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу 5-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы бейтап каза болгон.


“Анда пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу", - деди Үсөнбаев.


Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн