Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 04:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кыргызстанда мыйзамсыз диний жөрөлгөлөрдү өткөргөн чет элдик жаран пара берүү учурунда кармалды

03.06.2023 14:07
342
Кыргызстанда мыйзамсыз диний жөрөлгөлөрдү өткөргөн чет элдик жаран пара берүү учурунда кармалды

Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, чет элдик К.С., аттуу жаран жана Кыргызстандын Ш.Л.,аттуу жараны кармалды. Алар КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагындагы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында колго түшкөн.


Кыргызстандагы христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар белгиленген тартипте диний иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес.


Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, “кызмат” үчүн 1000 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык сыйлык сунушташкан.


2023-жылдын 29-майында чет элдик жаран К.С. жана КРнын жараны Ш.Л. пара катары 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын УКМКнын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды. Чет элдик жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


КР УКМК республиканын аймагында иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүн Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн