Баш оона 23, 2025
Убакыт: 07:28
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң 710 сомду түздү

10.07.2024 18:20
484
Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң 710 сомду түздү


Кыргызстанда 2024-жылдын январь-май айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 710 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2023-жылга салыштырмалуу өсүү 11% түзгөн.

Ал белгилегендей, эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо, камсыздандыруу жана илимий ишмердүүлүктө байкалган.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын январь-апрель айларында республика боюнча орточо эмгек акы 34 миң 391 сомду түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн