Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда салык төлөөчүлөр QR-коду аркылуу бирдиктүү терезенин ишин баалай алышат

10.05.2024 14:22
147
Кыргызстанда салык төлөөчүлөр QR-коду аркылуу бирдиктүү терезенин ишин баалай алышат


Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында салык органдарында бирдиктүү терезелердин ишинин сапатын баалоо боюнча онлайн сервисти ишке киргизүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, эми салык төлөөчүлөр кызматтардын сапаты боюнча жергиликтүү салык органдарына жайгаштырылган QR-кодду сканерлөө менен өз пикирлерин калтыра алышат.

Сын-пикир жөнөтүү үчүн уюлдук телефондун камерасын QR-кодго багыттап, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баалоо керек.

Ошондой эле, оң бааны тандап жатканда, терезенин тейлөө номерин, салык органына барган күнүн жана убактысын көрсөтүү менен комментарий калтырсаңыз болот.

Терс баа берилген учурда, салык төлөөчүлөр себептердин тизмесинен бир же бир нече вариантты тандай алышат, анын ичинде кызматкерлердин компетентсиздиги же оройлугу, узак мөөнөттө тейлөө же кезек күтүү, кызматкерлердин телефонго алаксуусу же башка факторлор бар.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр комментарий калтырып жана Салык кызматынын жооптуу кызматкерлери менен кайтарым байланыш алуу үчүн өздөрүнүн байланыш маалыматтарын көрсөтө алышат.

Кызматты баалоо анын сапатын кыйла жакшыртып, көйгөйлүү жерлерди аныктап, коомчулуктун ишенимин арттырып, салык төлөөчүлөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыздай алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн