Бугу 03, 2025
Убакыт: 14:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Кыргызстанда учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча алгачкы окуу борбору ачылды

14.05.2024 11:08
297
Кыргызстанда учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча алгачкы окуу борбору ачылды


И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор Кытайдын Шеньсий кесиптик-техникалык колледжи менен өнөктөштүктө Xi'an Tianyi Intelligent Control Education Technology компаниясы тарабынан ачылды.

"Жаңы окуу борбору геодезия, транспорттук, геомаалыматтык жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу түрдүү тармактарда дрондордун технологиясы жана эксплуатациясы боюнча адистерди даярдоого адистешкен. Бул кызматташтык Кыргызстан менен Кытай үчүн гана эмес, бүткүл аймак үчүн билим берүү жана технологияны өнүктүрүүдө олуттуу кадам болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн