Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстандан Тажикстанга 2,6 млн сомдук бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

28.03.2024 15:18
694
Кыргызстандан Тажикстанга 2,6 млн сомдук бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду


28-мартта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз мал алып өтүү аракети токтотулганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.


Баткен облусунун Лейлек районунун Сарай тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте шарттуу мамлекеттик чек ара сызыгынан алыс эмес жерден Кыргызстандан Тажикстанга 14 баш бодо малын айдап келе жаткан 1971-жылы туулган Кыргызстандын жараны Р.А.ны кармашкан.


Кыргызстандык Тажикстандын аймагында малын сатууга аракет кылган, деп айтылат маалыматта.


Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын жалпы чыгымы 2 миллион 600 миң сомдун тегерегинде болгон.


Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин адам жана мал кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн