Баш оона 05, 2025
Убакыт: 09:01
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн катары менен эс алат

30.06.2022 10:46
621
Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн катары менен эс алат


Кыргызстандыктар июль айында 3 күн катары менен эс алат. Бүгүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан курман айт күнү 9-июль деп жарыяланды. Эмгек кодексине ылайык эгер майрам күнү ишемби же жекшемби күндөрүнө туш келсе аптанын алгачкы иш күнү (дүйшөмбү) эс алуу күн деп жарыяланат.


Мындан улам 9-июлда боло турган Курман айт майрамы ишемби күнгө дал келгендиктен 10-11-июль күндөрү (жекшемби жана дүйшөмбү) эс алуу күндөрү болот.


Белгилей кетсек, аталган эреже мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендерге гана тиешелүү.
https://www.super.kg/kabar/news/411727/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн