Кулжа 11, 2025
Убакыт: 14:18
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.110
1.135

Кыргызстандыктар сөөк жана бөйрөктү акысыз текшерте алат

10.06.2025 16:03
43
Кыргызстандыктар сөөк жана бөйрөктү акысыз текшерте алат


Улуттук онкология жана гематология борборунун ядролук медицина бөлүмүндө акысыз текшерүү боюнча акция уланууда. 


Бардык каалоочулар сөөк жана бөйрөктүн абалын текшертсе болот. 


Акция 10-майда башталган жана бир жарым жылга созулат. Бир айдын ичинде 150 адам текшерүүдөн өттү. 


Борбордун директору Нурбек Букуев бейтаптардын негизги бөлүгү дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө турган онкологиялык ооруларга чалдыккан бейтаптар экенин айтты. 


“Эрте дарт аныктоо жана бейтаптардын ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүү, өзгөчө дайыма медициналык байкоого муктаждар үчүн маанилүү кадам”, — деп белгиледи Букуев.


Жарандар борбордун ядролук медицина бөлүмүнө жазылып, тиешелүү текшерүүдөн акысыз өтө алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн