Кыргызстан 2019-жылы Гренада, Мозамбик, Кирибати, Науру сындуу 8 жаңы өлкө менен дипломатиялык мамиле түздү. Жалпы ушу тапта баш-аягы 164 мамлекет менен дипломатиялык байланыш бар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдагы иши жөнүндө маалыматында айтылгандай, отчеттук мезгил аралыгында чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтын географиялык алкагы да кыйла кеңейтилгени белгилүү болду.
«Өткөн жылы 87 миң консулдук кеп-кеңештер берилген, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көптүк кылат. Ошондой эле, Россиянын Новосибирск шаарында консулдук кызмат ачылды. Азыр ушундай кызматтарды Якутск, Иркутск, Сахалин шаарларында да ачуу пландаштырылууда», - деди Тышкы иштер министри.
Андан сырткары, санариптештирүү жылынын алкагында Тышкы иштер министрлиги Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип 38 консулдук жай автоматташтырылган маалымат тутуму менен жабдылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн