Бугу 02, 2025
Убакыт: 15:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери «Чыгыш-2022» машыгууга катышууда

01.09.2022 12:45
617
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери «Чыгыш-2022» машыгууга катышууда

Бүгүн, 1-сентябрда Россиянын Чыгыш аскердик округунунун аймагында «Чыгыш-2022» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу башталды (СКШМ).


КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, машыгууга ЖККУ, ШКУга мүчө мамлекеттеринин жана башка мамлекеттердин байкоочулары жана куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенттери катышууда. Кыргызстандан Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн аскердик контингенти чыгат.


Машыгууга 50 миңден ашык аскер кызматкер, 5 миңден ашуун курал-жарак жана аскердик техника тартылган. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында аяктайт.


Машыгуунун максаты - аскерлердин (күчтөрдүн) түрлөрү жана коалициялык топторду башкаруу боюнча командирлердин жана штабдардын көндүмдөрүн өркүндөтүү жана биргелешкен тапшырмаларды чечүүдө өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн