Бугу 02, 2025
Убакыт: 02:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

28.09.2024 09:19
1967
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан - Түркмөнстан футбол боюнча жаштар курама командаларынын беттеши жыйынтыкталды. Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди.

Беттештин экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу гол киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш. 29-сентябрда жаштар курама командасы тайпадагы акыркы оюнда Япониянын курамасы менен кез келет.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн