Теке 09, 2025
Убакыт: 14:58
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.113
1.135

Кыргызстандын тышкы соодасы $14,6 млрд АКШ долларын түздү

14.01.2025 16:11
464
Кыргызстандын тышкы соодасы $14,6 млрд АКШ долларын түздү


Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрында 14,6 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,7%га көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,3%га өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,8%га төмөндөдү.

2024-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,1%га көбөйдү.

Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга - 71,2% жана Казакстанга - 26,9% туура келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн