Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргызстандын жалпы пайдалануудагы жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди

02.06.2023 10:52
325
Кыргызстандын жалпы пайдалануудагы жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди


Кыргызстандын жалпы пайдалануудагы жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, бул жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын иштөө мөөнөтүн жогорулатуу максатында жасалды.


1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10.00дөн 20.00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градус жана андан жогору болгон учурда максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.


Чектөөлөр транспорт каражаттарына колдонулбайт:


- жүргүнчүлөрдү ташуу;


-гуманитардык жардамды ташуу;


- тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташуу;


- габариттүү жана оор жүктөрдү атайын берилген уруксаттын негизинде ташуу;


- Транспорт министрлиги тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо жана күтүү үчүн жалаң жол иштерин жүргүзүү үчүн аларга берилген аймактарда гана тартылган жол башкаруучулары жана подряддык уюмдары жана ушул аймактарга кирүүчү жолдор.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн