Бугу 07, 2025
Убакыт: 00:03
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды

21.07.2023 11:04
472
Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды


Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 19-июлда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды. Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик М.М. аттуу жаран кармалды.

Кармалган жаран 20-июлда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн