Аяк оона 17, 2025
Убакыт: 13:33
USD
87.30
87.80
EUR
103.10
104.10
RUB
1.045
1.080

Кыргызстанга ЕККУнун башкы катчысы келет

17.09.2025 11:08
20
Кыргызстанга ЕККУнун башкы катчысы келет


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Феридун Синирлиоглу Кыргызстанга келет. Бул тууралуу күн мурун тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевдин ЕККУнун учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушуусунда белгилүү болду.


Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Финляндиянын ЕККУга төрагалыгынын аралык жыйынтыктары чыгарылып, Хакала кыргыз тарапка уюмдагы фин төрагалыгынын демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Исаев ЕККУнун иштешинин айрым маселелери боюнча кыргыз тараптын көз карашын белгиледи.


Мындан тышкары, ЕККУнун башкы катчысынын Кыргызстанга боло турган сапарын уюштуруу жана даярдоо, ошондой эле 2025-жылдын декабрында Вена шаарында өтө турган ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын Скандинавия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен өзүнчө жолугушуусун өткөрүү маселеси талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн