Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанга кайсы категориядагы адамдар кире алат? Штабдын жообу

16.06.2020 17:24
791
Кыргызстанга кайсы категориядагы адамдар кире алат? Штабдын жообу


Республикалык штаб 16-июнга карата Кыргызстанга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдардын категориясын жарыялады. 


- КРдагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлерине;

- КРнын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлерине, ошондой эле аталган кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө (алардын келгендиги жөнүндө КР ТИМ аркылуу алдын ала маалымдалганда); 

- чет мамлекеттердин жарандарына жана Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин же Кыргызстандын консулдук мекемелеринин жана дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн расмий кайрылууларынын негизинде жарандыгы жок адамдарга (КР ТИМдин алдын ала маалымдоосу аркылуу);

- КРнын ТИМдин чакыруусу боюнча КРга жөнөтүлгөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрүнө;

- чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) аймагындагы темир жолдо күндөлүк ишти камсыздашкан КРнын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине;

- чет өлкөлүк адистер - КРнын Эмгек визалары бар чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар («W1» жана «W2»);

- эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулардан, аба кемелеринин экипаждарынан жана учуучу курамынан, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадаларына;

- чет элдик адистер – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын расмий кайрылуусу боюнча;

- чет мамлекеттердин жарандарынан жана КРнын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан (жакын туугандык байланыштарын – күйөөсү (жубайы), алардын ата-энелери, балдары, чоң ата, чоң энелери экендигин документ менен ырастаган шартта).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн