Кулжа 22, 2025
Убакыт: 01:05
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Кыйын учурда бири-бирибизге камкордук кылуу менен жеңишке жетебиз, - имам хатиб (фото)

21.07.2020 09:24
1045
Кыйын учурда бири-бирибизге камкордук кылуу менен жеңишке жетебиз, - имам хатиб (фото)


Чүй облусуна караштуу Токмок хатибияты «Биримдик Токмок» коомдук бирикмесинин жааматы менен биргеликте дарыгерлерге жана бейтаптарга ысык тамак уюштурушту.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара алкагында эки түрлүү тамак даярдалып, Токмок шаарынын аймактык ооруканасына, Чүй облустук ооруканага жана күнү-түнү иштеп жаткан шаар ичиндеги стационарга жалпысынан 100 дарыгер жана 300 бейтапка ысык тамак берилди.

Ушундай кыйын учурда бири-бирибизге камкордук кылуу, биригүү менен жеңишке жетебиз. Жакшылык кылгандардын иш-чарасын Кудай Таалам кабыл кылсын. Буюрса кайрымдуулук иш-чарабыз токтобостон улана бермекчи", - деди Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн