Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кийинки жылы мартта Россияда президенттик шайлоо өтөт

07.12.2023 14:46
2090
Кийинки жылы мартта Россияда президенттик шайлоо өтөт


Федерация кеңеши (Россиянын жогорку палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгиледи. Тийиштүү токтом палатанын бейшемби күнкү жыйынында кабыл алынганын РИА Новости жазды.


"Россия президентин шайлоо күнү 2024-жылдын 17-мартына белгиленсин. Токтом жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет", — деп айтылат документте.


Буга чейин Федерация кеңешинин Конституциялык комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Полетаев токтом расмий жарыяланган күндөн тарта "шайлоо кампаниясына старт" берилерин билдирген. Анын айтымында, шайлоо күнү майрам күн катары жарыяланбайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн