Бугу 07, 2025
Убакыт: 10:21
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Кокустан өзүн-өзү атып алган бала ооруканада каза болду

Кокустан өзүн-өзү атып алган бала ооруканада каза болду

Мылтык менен кокустан өзүн атып алган өспүрүм каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда журналисттерге Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан ​​билдиришти.


Кырсык 13-декабрь күнү эртең менен саат 09:30 чамасында Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында болгон. 15 жаштагы бала гараждан мылтык алып, кокустан өзүн-өзү атып алган. Жигит ооруканага жеткирилип, комага түшүп калган.


Сурак учурунда баланын атасы эки күн мурун анын баласы Кызыл-Октябрь айылындагы жайлоодон мылтык таап алгандыгын айткан. Атасы мылтыктын окторун алып чыгып, куралды гаражга катып койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн