Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Комендант жана Кашкар Жунушалиевдин катачылыктары...

03.04.2020 16:28
1659
Комендант жана Кашкар Жунушалиевдин катачылыктары...


Тумоого байланыштуу 25-марттан тарта борборго өзгөчө кырдаал киргизилди. Милиция кызматкерлери биринчи күндөрү көчөгө чыккан жарандарга сылык-сыпаа кайрылып, үйдө болууну эскертип жатышты. Кыйын мезгилде орган кызматкрелери менен элдин ортосунда жакшы мамиле түзүлгөндөй сезилди.


Тилекке каршы бул картина узакка созулбады


Баарын комендант, анын үстүндөгүлөр бузду. Ишкерлер, кызматы элге эң зарыл болгон адистер иштеген жерлерине бара албай кыйынчылыктарга учурай баштады. “Пропуск” үчүн кезектер көбөйдү. Бул кыйынчылыктар мүмкүн атайын түзүлүп, суроо-талап (ажиотаж) күчөтүү максатын көздөп жүрбөсүн?! Андай болсо максатына жетти. Натыйжада “пропуск” деген көмүскө “бизнес” пайда болду. Бул “бизнес” аябай күчөп, нааразылык көбөйдү. Нааразылыкты бир аз сээлдетүү үчүн 200 доллардан “пропуска” саткандардын бир-экөөсүн кармамыш болушту.


Сойкуларды ташып жүргөн милиция кызматкери жөнүндө маалымат чыкты. Кара-Суу районунда болсо милиция кызматкерлери көчөдөн (зарыл иши менен -банк, азык-түлүккө бараткан) адамдарды койдой эле кармап кетип жаткан видео чыкты.


“Пропискаң” жок деп жарандарды борборго киргизбей койду. Чындыгында борбордо каттоосу жок, квартирада турган жарандар саны жүз миңдеп саналат. Мына ошолордун айрымдары абдан катуу мүшкүлгө салынды. Ал эми кимдир-бирөөлөргө “бизнес” жасоого жол ачылды.


Жеңил менчик автоунаалар менен азык-түлүк, жер-жемиш, суусундук ташууга тыю салынды. Андан чакан, орто дүкөн иштеткен ишкерлер, соодагерлер эбегейсиз зыяга учурады. Иши токтоп калды. Бийлик же бийликтеги таасирлүү адамдар бир нече монополист (Глобус, Фрунзе, Народный) ири дүкөндөрдүн кызыкчылыгына иштеп жатабы?.


Өзгөчө кырдаал учурунда Бишкектин жашоо-турмушун уюштуруу тапшырылган комендант А. Орозалиев жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мына ушундай одоно катачылыктарга жол берди. Ошондуктан өкмөт мүчөлөрү арасында эң кесипкөйлөрдөн болгон Алтынай Өмүрбекованы вице-премьерликтен албай, Ички иштер министрлигинде “бардакка” жол берген Жунушалиевге окшогондор бошотулуш керек эле...



Айданбек Акматов

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдилазиз
Менин жеке пикиРим. МенЖанылыктардан Соц сеттерден коруп Озум ойумду айтайн Кашкар туура Иштеп жатат деп билем. .Милициялар ото жакшы Иштеп жатышат кучотулгон тартипте. .Ал пара алгандарды Видеого тартып чыгар.Сен пара бербегиле Уйуйдо отур. КЫСКАСЫ КУНООЛОГОНДУ ТОКТОТУП МЫЙЗАМ ГА БАШ ИЙ!!!!!!!!