Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракети ишке ашууда, - Экономика министрлиги

24.03.2021 08:28
834
Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракети ишке ашууда, - Экономика министрлиги


Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак Тилек", "Ак Жол", "Чалдыбар" жана "Чоң Капка" унаа өткөрүү жайларында товарларды эсепке алуу пункттары иштейт. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев 23-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.


Анын айтымында, "Бишкек-1", "Аламүдүн", Кара-Балта", "Кара-Суу", "Маймак" темир жол станцияларында, "Манас", "Ош" эл аралык аэропортторунда да товарларды эсепке алуу пункттары бар.


“Биргелешип түзүлгөн мобилдүү топтор кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө жайларында көзөмөл иштерин жүргүзүп келет", - деди ал.


Муну менен катар Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомуна ылайык, айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканына токтолду.


Ал эми вице-премьер-министр – Экономика жана финансы министри – Улукбек Кармышаков ЕАЭБ алкагында бирдиктүү шарттуу белгилерди киргизүү аркылуу чек арадагы аткезчиликке бөгөт коюлуп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракети ишке ашырыларын кошумчалады.


Талкуу маалында депутат Гүлшат Асылбаева салык тармагында аныкталган мыйзам бузууларга токтолуп: "Аймактык салык кызматынын башчыларына сөгүш берүү менен гана чектелипсиңер. Андыктан, жаза чараларын да тактап чыгуу керек", - деди.


Ал эми Айнура Осмонова электрондук фискалдаштыруу тутуму киргизилгенден кийин, 2020-жылы бюджетке канча каражат келип түшкөнүнө кызыкты. Өкмөт өкүлү 2,7 млрд сом болгонун билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн