Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавирус: Кыргызстан менен Россиянын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

17.03.2020 09:24
691
Коронавирус: Кыргызстан менен Россиянын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү


Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды. 


Тараптар координациянын жана биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, ошондой эле зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашышты. 


Телефон аркылуу сүйлөшүүдө ошондой эле Россиядан импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк  жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн