Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 06:36
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.030
1.065

Коронавируска кабылган 40 медик компенсация алуу үчүн билдирме берди

03.08.2020 12:56
1241
Коронавируска кабылган 40 медик компенсация алуу үчүн билдирме берди


Бүгүн, 3-августка карата коронавируска кабылган 40 медициналык кызматкерден билдирме келип түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансылык башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев 3-августагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 4 учур боюнча компенсация төлөнүп берилет. Калган документтер туура эмес толтурулгандыгына байланыштуу кайрадан даярдалат. 


"Коронавирустан каза болгон эки медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнүп берилди. Министрликтин алдында түзүлгөн комиссия калган учурлар боюнча документтерди карап жатат", - деди Мухтарбек Баймурзаев.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн