Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Коррупция менен кармалган ЖКККББнын бөлүм башчысы үй камагына чыкты

28.03.2024 13:40
181
Коррупция менен кармалган ЖКККББнын бөлүм башчысы үй камагына чыкты


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаев үй камагына бошотулду.


Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-мартта чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.


Атайын кызмат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду, башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаевди жана автомектептин директорун коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 19-февралда кармаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн