Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Көздөгөндөрүң ар дайым сеники эмес, алар кээде Кудайдыкы, алар кээде күндөрдүкү

02.09.2021 18:57
2479
Көздөгөндөрүң ар дайым сеники эмес, алар кээде Кудайдыкы, алар кээде күндөрдүкү


Көк дептер


Диплом колго тийди.


Көздөгөндөр али тие элек.  


Кеп ошондо экен. Эмнени көздөгөнүңдөчү. 


Көздөөлөр, тилектер, максаттар…


Алар дайыма эле биздики эмес.


Алар кээде Кудайдыкы, алар кээде күндөрдүкү: бүгүнкү, эртеңки. 


Ошол үчүн дайыма эле менин каалоом дебе. Мен!!! Менин максатым дебе. Табият менен, сен алган дем, сен жүргөн жер менен эсептешип олтурасың. Сен кирип алган, сен түзүп алган, байкап-байкабай түшүп алган тарых менен эсептешип олтурасың. 

...

Бишкекте көп жүргөнгө сүйүндүм. «Бүгүн эмне кыласың?» дечү эжем. «Майда-чүйдө иштер менен» дечүмүн. А менин Бишкекте, Кыргызстанда «майда-чүйдө» ишим жок. Мекенде тургандын, мекенде жүргөндүн өзү чоң иш мага. Көз менен көрүп, кол менен кармап, бутум барып баскандын баары зор иш мага. 


Өткөндө жаздым: 


- Жалгызда да жалгызмын, көпчүлүктүн ичинде да жалгызмын. Бул менин адатым эмес. Бул менин иштеп атканым… деп. 


Кыргызстанда жүргөнүм – бул менин эң кымбат иште иштеп атканым. Өзүмө алыш үчүн, сага айтыш үчүн, өзгөгө таанытыш үчүн, түгөнбөш үчүн, бүтпөш үчүн… Менин түгөнүп, бүтүп калбашымдын бир гана дарысы бар. Ал сен, ал сен, ал сенсиң - Ала-Тоо, асыл жер!


Ала-Тоо саясат менен сакталбайт. Ала-Тоо сүйүү менен сакталат. Сүйбөгөндөр саясатка келбеш керек! Мекенди сүйбөгөндөр - сени, мени, улутту сүйбөгөндөр!

...

Бишкек. Эжем: «Түшкү тамакты чогуу ичпейлиби?» дейт. «Ичели!» дейм. Анан «мен төлөйм, сен төлөбө» деп «эсепти» талашабыз. Мен күчкө салып алып коем… Сенин кайда экениңе, ким экениңе эмес сен бу жарыкта БАР экениңе бактылуу болуп кубанган бир гана Ата-Эне менен Бир тууган болот! 


Ата-Эне узап кетет экен. Бир туугандар кемийт экен… Сенин БАР экениңе кубангандарды асырап, сактагыла! Алар бу дүйнөдө ушунчалык аз болот! Ушунчалык аз болот!!!

...

Бир күнү күндүз, бир күнү түндө КМУУнун 10-жатаканасына бардым. Атайын. Тегерете чөп басыптыр. 40 градус ысыкка жүдөптүр. Барсам эле ийнин копшоп «Кандай?!» деди. Тааныды. Кантип тааныбасын. Учурашты. Өмүр бою учурашчу жер эле… Андагылар өмүр бою учурашчу эл эле… 

...

1971-жылы төрөлгөндөр быйыл 50 жашка толушту. Алыста классташ кыздарыбыз үн салышты. «Өткөрөлү, чогулалы!» дешти. Балдар балким антпейт белек бирок кыздар дешти. Анан чогулдук. Кыздардын, кыз кишинин, ЭНЕ кишинин турган турушу эле мээрим болот экен. Ар тараптан келип, мээримин, ысыгын, ысык жашын чачып кетишти. Өмүрдө балалыктай бириктирген, кошуп турган, балалыктай байлап турган эчтеме болбойт экен, жок экен. Биз көрүшпөсөк да канчалык бир нерсеге байлануу, оролуу экенибизди сезбейт экенбиз. Ошону унутуп жашай берет экенбиз. «Мектепти бүткөнчө атыбыз менен эмес фамилиябыз менен аташкан күндөр болбодубу» деп каткырыштык. «Балдар, силерге бир таарынычыбыз бар: ушу бирөөңөр дагы классташ кыздарды сүйүп, бирөөбүздү да албай коюпсуңар...!» дешти, тамашага салышып. Эх, классташтар! Сезимдер болгондур бирок чындап эле сүйүүлөрдү улай албаппыз... Биздин кез советтик доор эмес беле. Түз эле космонавт, учкуч, доктур, юрист болгубуз келчү эмес беле. Кимибиз эмне болдук? Эң башкысы бактылуу Эне, кешиктүү Ата болупсуңар. 

...

Бишкек. Машинанын төрөсүн айдагандар көбөйүптүр. Убаданын төрөсүн аткаргандар азайыптыр… 

...

Сулуу кыздар көбөйүптүр бирок сезимдери азайыптыр… 

...

Көчө. Мен эзели көрбөгөн бир жан менин алдымда баратты. Мен анын артында келаттым. Сөзүн, үнүн, жүзүн көрдүм. Аңгемесин чала уктум. “Биз тагдырлаш экенбиз, тууган” дедим. Ичимден. “Биз азапташ экенбиз, жолоочум” дедим. Сыртымдан…  

...

Сен бар, сен жаш заман сагынтсын, урпактарды.

...

Ойлонуп аткандар эмес бири-бирибизге жөнөшүп аткандар бололу.

...

Ар кимдин өз тарыхы бар. Кеп ошол тарыхтан эмнени көрө алганында…

...

Көп замандашым мага ыракым этти. Мезгил гана этпеди…

...

Карыгандагы дагы бир диплом колго тийди. Көп тилектер колго али тие элек…  Азапты тарткан билет дешет бирок кубанычты да таткан билет. Бир бакытты сен тата элексиң. Бир бакытты мен тата элекмин. Жашоо өзү ушундай…


Жеңишбек Эдигеев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн