Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кулубаев Европарламенттин депутаттарынын делегациясын кабыл алды

19.12.2023 09:07
170
Кулубаев Европарламенттин депутаттарынын делегациясын кабыл алды


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КР-ЕБ парламенттик кызматташуу боюнча комитетинин 16-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Европарламенттин депутаттарынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун башталышында министр Европа Парламентинин депутаттарын республикада жүргүзүлүп жаткан демократиялык өзгөрүүлөр, социалдык жана экономикалык реформалар, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көрүлүп жаткан улуттук чаралар, тактап айтканда, «Жашыл мурас» программасын ишке ашыруу жөнүндө маалымдады.

КР ТИМ жетекчиси европалык өнөктөштөрдү жакында орун алган экинчи Элдик курултайдын жыйынтыгы менен кеңири тааныштырды.

Европарламенттин депутаттары өз кезегинде региондогу демократиялык процесстер боюнча Кыргыз Республикасынын алдыңкы позициясын белгилешти, ошондой эле конкреттүү инфраструктуралык долбоорлордун алкагында КР менен ЕБдин өз ара аракеттенүүсүнүн перспективалары боюнча өз пикирлерин айтышты.

Тараптар ошондой эле демократиялык институттарды бекемдөө, адам укуктарын камсыз кылуу, гидроэнергетика жана суу ресурстары, жашыл экономика тармактарында максаттуу долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы учурдагы абал жана өз ара кызматташуунун перспективалары боюнча пикир алмашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн