Кулжа 16, 2025
Убакыт: 23:36
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Кулубаев Германия элчисин дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

16.06.2025 16:17
23
Кулубаев Германия элчисин дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды


Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Кыргызстандагы элчиси Габриелла Геллилди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий визиттердин жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышына бурулду.


Тараптар соода, транспорт, инвестиция жана туруктуу тоо өнүгүүсү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерине басым жасашты. Ошондой эле, эл аралык жана региондук маанидеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.


Жээнбек Кулубаев элчи Габриелла Геллилге эки тараптуу ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.


Өз кезегинде Габриелла Геллил Кыргызстандагы ишмердүүлүгү учурунда көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн ыраазычылык айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн