Бугу 03, 2024
Убакыт: 11:41
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Дарыгерге кол көтөрүлсө, мыйзам чегинде чара колдонолу”

15.01.2024 19:30
1502
Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Дарыгерге кол көтөрүлсө, мыйзам чегинде чара колдонолу”


- Кундузбек Кошалиевич, бүгүн сиз Базар-Коргон ооруканасындагы инцидент боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Окуянын чоо-жайын, чыр эмнеден улам чыкканын биле алдыңызбы? 


- Мен деле социалдык түйүндөрдөн көрдүм. Бирок, өзүнүн кызындай болгон врачты антип кордогону... Атасына чейин асылып, бул эмне деген акмакчылык?! Эгер иштей албай жаткан болсо... Албетте, врачтан деле кандайдыр бир кемчилик кеткен болушу мүмкүн, бирок бул тилдегенге, басынтканга негиз боло албайт да. “Сенин каяктан келгениңди, кимдин кызы экениңди тактадык” дейт. Кемчилик кетирген болсо, арыз жазбайбы. Эми ал врач “мындай шартта кантип иштейм, Кыргызстандан кетип эле калсам окшойт” деп атыптыр. 


- Эң кейиштүүсү, бул биринчи эле көрүнүш эмес. Дарыгерлерге кол көтөргөн учурлар буга чейин да болгон... 


- Андайларга мыйзам чегинде чара колдонуш керек го. Туура эмес кылган болсо тийиштүү органдар бар териштире турган. Биздин Конституцияда адам укугу корголгон да. Анан мыйзамды тебелеп барып эле өз билгенин кыла берсе болобу? Болбойт да. Жиниң келгени кызмат үстүндөгү адамды тилдегенге негиз боло албайт. Атүгүл кол көтөрсөң, өз каныңдан бүткөн балаңдын да арызданганга акысы бар... 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн