Бугу 22, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Курманкул, демилгеңди кайтарып ал, досум!

02.04.2020 18:28
902
Курманкул, демилгеңди кайтарып ал, досум!


Эски дос эстен кетпейт.., бийлик кадырыңа жетпейт...


Башкалар айтса да бир жөн, бирок Курманкул Зулушев ушул демилгени сунуштаганы жеке мени өтө кабатыр кылды.


Себеби, Курманкул өзү ошол президенттик башкаруунун курмандыгы болгон. Оппозициялык депутаттарды сот залынан бошоткондугу үчүн, ошол кездеги зөөкүр падыша Атамбаев соттор кеңеши аттуу башкесерлер аркылуу Зулушевди соттук кызматынан бошоткон. Ошол күндөн баштап, Сотторду Коргоо комитетин уюштуруп, Курманкул Зулушев жана Медербек Сатыев экөөнү коргоп баштаганбыз. Атамбаев заманында куугунтукту куп эле жеген элек. 2013-жылы 12-октябрь күнү Соттор Кеңеши аттуу башкесерлер уюмунун тартиптик айыбын териштирбей туруп, Атамбаев Медер экөөңдү тең кызматтан алып, бүт өлкөгө жаман көрсөткөнү эсиңде чыгар...


Кукеме кат


Куке, кел эми эски достор катары эле сүйлөшөлү. Көп оор күндөрү бирге болуп, адилетсиздикке каршы турганбыз. Бубаиша Арстанбекова эжебиз күбө. Көп нерсени кыйрата албасак деле, эч кур дегенде бир ууч адам бири-бирибизге караан болгонубуз. Депутаттар Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров сендей адилеттүү сот туура чечим чыгарып, боштондукка чыккан эле. Ошол оор күндөрү адилеттүү жана кайраттуу болуп, бүгүн эркиндикте, анын үстүнө парламенттин депутаты болуп туруп, кантип ушундай демилгени сунуштап жатасың? Билесиң го, сени так ошол парламенттик система реабилитация кылды. Сен так ошол парламенттик башкаруунун жыйынтыгында депутат болуп, кайрадан кадырлуу кызматка жетиштиң. А биз болсо, аябай кубандык эле.


Албетте, депутат өз эрки, кандай демилге көтөрсө өзү билет. Бирок, бул маселеде мен сага олуттуу түрдө каршымын!


Парламенттик башкарууну толук ишке ашыра албадык! Толук парламенттик башкарууга жетишсек, мындай башаламандык болмок эмес! 2 төңкөрүш так ошол президенттик башкаруунун адилетсиз экендигинен келип чыккан! Эми, үчүнчүсү болуш керекпи сөзсүз?


Кой, демилгеңди кайтарып ал, досум! Жакшы атыңды булгаба. Туура эмес багытка жол алыпсың! Президентти күчөтүү жакшы нерсеге алып келбейт!


Эски досуң, Шаирбек.

 

Баса, Медер, сен жана мен түшкөн сүрөттү таппай койдум. Ошондуктан, ошол күнү бошотулган депутаттар менен түшкөн сүрөттү койдум.


Шаирбек Маматокторов


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн