Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Курулуш компанияларды үйлөрдүн 5%ын эки мэрияга берүүгө милдеттендирүү сунушталды

15.04.2024 13:29
77
Курулуш компанияларды үйлөрдүн 5%ын эки мэрияга берүүгө милдеттендирүү сунушталды


Курулуш компанияларын салган турак жайдын беш пайызын Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына акысыз берүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев иштеп чыккан.


Демилгечи шаарларда үйү жоктор көбөйүп, келечекте социалдык нааразычылыктар жаралышы мүмкүн экенин белгилөөдө.


"Куруучу компания долбоор кабыл алынгандан кийин эки айдын ичинде республикалык маанидеги шаарлардан каттоодон өтүп, андан кийин батирлердин беш пайызын муниципалитетке өткөрүп, техникалык паспортторду алууга милдеттүү", — деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.


Мыйзам жер тилкесин убактылуу пайдаланууга алган куруучуларга тиешелүү экени, ал эми мэрия батирлерди муктаждарга акысыз берери айтылган.


Сунуштун ипотекалык турак жайларга тиешеси жок экени кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн