Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ленин бир мандаттуу округунан кайра шайлоо болушу мүмкүн

30.05.2023 14:54
1688
Ленин бир мандаттуу округунан кайра шайлоо болушу мүмкүн


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров эгер Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева тарабынан добуш сатып алуу аныкталса андан ары эмне болорун түшүндүрдү.

Ал мыйзамга ылайык, талапкер тарабынан мыйзам бузуу аныкталса шайлоо жокко чыгарылышы мүмкүн.

"Дагы бир норма бар, эгерде талапкер алган добуштар добуш берүүгө катышкандардын 30%дан ашыгын түзсө, анда шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылышы мүмкүн. Ал эми БШК бир айдын ичинде кайра шайлоону дайындайт", - деди ал.

Эскерте кетсек, алдын ала маалымат боюнча Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 миң 242, же 35,83% добуш алган.

Шайлоодон кийин аудиожазуу тараган. Анда болжол менен депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын У.Р. аттуу адам менен үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон тараттуу, шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө боюнча сүйлөшүп жатканын угууга болот.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Шайлоого катталган 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү, же шайлоочулардын 13,95%ы катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн