Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ленин бир мандаттуу шайлоо округуна талапкерлерди каттоо аяктады

28.04.2023 11:06
1591
Ленин бир мандаттуу шайлоо округуна талапкерлерди каттоо аяктады


27-апрель, саат 24:00гө карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 49 талапкер (40 эркек, 9 аял) арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен беш талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартты.

БШК мыйзамга ылайык, катталган талапкер же анын анын ыйгарым укуктуу өкүлү 2023-жылдын 30-апрелинде саат 18:00гө чейин документтердин толук пакетин тапшырышы керектигин эскертет:

- бекитилген форма боюнча өмүр баяны жана башка маалыматтары менен талапкер жөнүндө маалымат;
- паспорттун көчүрмөсү;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- иштеген же окуган жеринен маалымкат;
- бекитилген форма боюнча башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалымат;
- жеке маалыматтарды иштетүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук;
- шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн ырастоочу документ.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн