Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ленин округу боюнча кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 13,2 млн сарпталат

12.07.2023 16:58
1012
Ленин округу боюнча кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 13,2 млн сарпталат


Бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого 13,2 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү отурумунда белгилүү болду.

БШКнын мүчөлөрү кайра шайлоону 10-сентябрда өткөрүү чечимин чыгарып, ага кете турган чыгымдардын сметасын бекитти. Жыйында мурунку шайлоого салыштырмалуу айрым чыгашалар кыскартылганы айтылды. 

Белгилей кетсек, 28-майда Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева алдыга озуп чыккан. Бирок ал добуш сатып алууга айыпталгандыктан жеңиши жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн