Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ленин округу боюнча шайлоого бюджеттен 15,4 млн сом каражат жумшалган

20.06.2023 10:27
1384
Ленин округу боюнча шайлоого бюджеттен 15,4 млн сом каражат жумшалган


Борбордук шайлоо комиссиясынан Бишкек шаарынын Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өткөрүүгө бюджеттен канча каражат кеткенин маалымдашты.

Ошентип, аталган бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө чыгымдардын сметасына ылайык 18 млн 636,5 миң бөлүнүп, анын ичинен 15 млн 413,9 миң сому чыгымдалды.

Пайдаланылбай калган каражат 3 млн 222,6 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, шайлоочулардын акыркы тизмесине киргизилген бир шайлоочуга кеткен чыгым 123 сом 40 тыйынды (15 413 863 сом/124 908 шайлоочу) түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн