Бугу 07, 2024
Убакыт: 11:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ленин шайлоо округу үчүн 124 миң бюллетень даярдалды

23.05.2023 10:11
1458
Ленин шайлоо округу үчүн 124 миң бюллетень даярдалды

2023-жылдын 22-майында үстүбүздөгү жылдын 28-майына белгиленген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоого арналган шайлоо бюллетендерин даярдоо иштери аяктады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405 бюллетень жана орус тилинде 62 миң 405 бюллетень, 51 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты.

Өз учурунда БШКнын өкүлдөрү акт боюнча бюллетендерди Ленин райондук шайлоо комиссиясына тапшырды.


«Учкун» ААКда шайлоо бюллетендерин даярдоо процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторинг БШКнын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турду. «

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн