Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 10:21
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

“Лидер-Чемпион” Кыргыз Премьер-лигасында ойноодон баш тартты

22.06.2020 18:33
987
“Лидер-Чемпион” Кыргыз Премьер-лигасында ойноодон баш тартты


“Лидер-Чемпион” командасы футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 2020-жылдагы сезонунда ойноодон баш тартты. Бул тууралуу КПЛден билдиришти.


Маалыматка ылайык, каржылык жана спорттук жактан команданы толугу менен камсыздай албаганы үчүн Кыргыз Премьер-лигасында ойной албайт. 


Мындан улам, “Лидер-Чемпион” клубу турнирден четтетилип, Кыргыз профессионалдык лигасына мүчө болуу укугунан ажыратылган.


Ал эми "Шоро" Премьер-лиганын биринчи турунда “Нефтчиге” каршы өткөргөн оюну боюнча маселе алдынкы күндөрү чечилери айтылат.


Белгилей кетсек, “Лидер” командасы 2018-жылы теле долбоор болуп негизделип, оюнчуларды кастинг аркылуу тандап алган. Команда 2019-жылы КПЛде оюндарын өткөргөн.


Эске салсак, быйылкы сезондо футбол боюнча өлкө чемпиондугунда 9 команда катышары айтылган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн