Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Махачкаладагы май куюучу жайдагы жарылуудан улам 27 адам каза болду

15.08.2023 12:08
1534
Махачкаладагы май куюучу жайдагы жарылуудан улам 27 адам каза болду


Махачкаладагы май куюучу жайдагы жарылуудан улам жабыркагандардын саны 100дөн ашты. Бул тууралуу аймактын башчысы Сергей Меликов ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.


"Медициналык жардам алуу үчүн 102 адам кайрылды. Москва убактысы боюнча саат 6:00гө карата медициналык мекемелерде 65 адам бар, алардын 11и балдар", — деди ал.


Буга чейин Дагестан медицина борбору жарылуунун кесепетинен 27 адам каза болгонун, алардын үчөө балдар экенин РИА Новостиге кабарлаган. Бүгүн, 15-августта, Дагестанда аза күтүү күнү жарыяланды.


Эске салсак, 14-август күнү кечинде Махачкаланын чет жакасында автосервистен өрт чыккан. Анын жалыны май куюучу жайга жармашып, жарылуу болгон. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жерине РФтин саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Виктор Фисенко барды. Жабырлануучулар Москванын ооруканаларына ӨКМдин атайын борту менен жеткирилүүдө. Дагестандын башчысы каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө миллион рублден берилерин айтты.


Факт боюнча, тергөө комитети "Талаптарга жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси боюнча иш козгоду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн