Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:30
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Максутов Жапаровдон көк бөрү жана кыргыз күрөшүн V ДКОнун тизмесине киргизүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү

26.02.2024 17:15
1994
Максутов Жапаровдон көк бөрү жана кыргыз күрөшүн V ДКОнун тизмесине киргизүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ведомствонун коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго көк бөрү жана кыргыз күрөшүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештеринин тизмесине киргизүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Анын айтымында, кыргыз улуттук оюндары тизмеге көргөзмөлүү мелдештер катары киргизилген.

"Бул туура эмес деп эсептейм жана сизди бул маселени чечүүгө жардам берүүңуздү суранам", - деди ал.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — көчмөндөр цивилизациясынын маданиятын кайра жаратуу жана сактоо максатында 2012-жылы Кыргызстандын өкмөтү тарабынан демилгеленген Кыргызстандын эң ири эл аралык долбоору.

2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жана Кырын жайлоосунда (Кыргызстан), 2022-жылы Изник ​​шаарында (Түркия) өткөн. 2024-жылы оюндар 8-14-сентябрда Астанада (Казакстан) өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн