Бугу 01, 2024
Убакыт: 12:45
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

“Манас” эпосу дагы бир тилге которулуп, китептин бет ачары болуп өттү

11.03.2024 09:56
1684
“Манас” эпосу дагы бир тилге которулуп, китептин бет ачары болуп өттү


"Манас" эпосунун Мар Байжиев жазган версиясы балкар тилине которулганын "Манас" улуттук академиясы билдирди.


Китептин бет ачары 6-март күнү Россиянын Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында өткөн.


"Котормону Кыргызстанда туулуп-өскөн Сакинат Мусукаева ишке ашырса, китепти чыгарууга Россиянын Карачай-Черкесия Республикасынын эл акыны, "Минги-Тау" адабий журналынын башкы редактору Аскер Додуев көмөк көрсөткөн", — деп айтылат академиянын маалыматында.


Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилитиги бириктирилип орус тилине эркин которулган Мар Байжиевдин "Манас тууралуу баян" китеби 2010-жылы жарыкка чыгып, бир катар тилдерге которулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн